Эмгек министри Равшанбек Сабиров диаспораларга Россияда мыйзамдаштыруу мөөнөтү тууралуу эскертти
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Москва жана Москва облусундагы диаспоралык уюмдар менен жолугушту.
Жолугушууда министр Россиянын аймагында тийиштүү документтери жок жүргөн кыргызстандыктарга ушул жылдын 30-апрелине чейин мыйзамдаштыруу процессинен өтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Равшанбек Сабиров ошондой эле Министрликтин тышкы эмгек рыногун диверсификациялоо боюнча иши жана Кыргызстанга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоого багытталган чаралар тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун соңунда министр катышуучулардын суроолоруна жооп берди жана Министрликтин Россиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон коомдук өкүлдөрүнө кызматтык күбөлүктөрдү тапшырды. Алардын милдети-эмгек мигранттарына ар кандай жардам көрсөтүү, консультация берүү, ыңгайлашууга жардам берүү. Ошондой эле алар турмуштук оор кырдаалда турган мекендештерге жардам беришет.





2025-02-24