Равшанбек Сабиров Россиянын Эмгек министрлиги менен мигранттардын эмгек шарттарын жакшыртууну талкуулады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушууда эмгекти коргоо, социалдык коргоону жогорулатуу, Эл аралык кызматташтыктын алкагында эмгек шарттарын жакшыртуу, квалификация системасы, эмгек мамилелерин санариптештирүү ж. б. маселелердин кеңири спектри каралды.
“Эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсү татаал жана көп кырдуу, бирок ал биринчи кезекте мамлекет кармап турган жөнөкөй эмгекчилерге жардам берүүгө багытталган. Адамдын ар кандай ишмердүүлүгүнүн негизинде эмгек турат, эмгек жана социалдык коргоо коомдун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууда негизги ролду ойнойт деп ишенем”, – деп белгиледи министр.


2025-02-24