Эмгек министрлиги Москва районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 азык-түлүк баштыкчаларын берди

Ыйык Рамазан айынын алдында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Менар” коомдук фонду менен биргеликте төрт жана андан ашык баласы бар, турмуштук оор кырдаалда турган 100 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөттү.
Кайрымдуулук акциясынын алкагында муктаж болгондорго азык-түлүк баштыкчалары тапшырылды.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча өз ишин улантып, жардамга муктаж болгондорго өзгөчө көңүл бурат.
Ошондой эле “Менар” фонду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган демилгелерди байма-бай ишке ашырып, кайрымдуулук программаларына катышкандардын баарына ыраазычылыгын билдирет. Долбоорлорду каржылоо ” Hasene “фонду тарабынан жүргүзүлөт.
благотворительных программах. Финансирование проектов производится фондом «Hasene».
Пайдалуу
Ссылкалар