Эмгек министрлигинин реабилитациялык борборлоруна автоунаалар берилди

Бүгүн, 25 — февраль күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде маанилүү окуя болду-кореялык Эл аралык “Гуд Нейборс Интернешнл” кайрымдуулук уюмунун филиалы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандумга Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров менен филиалдын директору Чо Сунх Ворн ортосунда кол коюлду.
Меморандумдун алкагында Сокулук реабилитациялык борборунун жана майыптыгы бар адамдарды колдоо жаатында активдүү иштеген “Келечек” борборунун директорлорунун ортосунда да келишимдер түзүлгөн.
Иш-чарага реабилитациялык борборлордун муктаждыктары үчүн эки унааны өткөрүп берүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул унаалар медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана майып балдарды ооруканаларга жана башка медициналык мекемелерге жеткирүү үчүн колдонулат.
Меморандумдун максаты-майыптыгы бар адамдардын, анын ичинде балдардын укуктарын коргоо жана жашоо сапатын жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү.
Министр Равшанбек Сабиров ” Министрликтин карамагына 17 социалдык стационардык мекеме жана реабилитациялык борбор кирет. Бүгүнкү күндө бул мекемелерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын саны 2398 адамды түзөт, алардын ичинен 1269 эркектер жана 1129 аялдар. Мен бул Меморандумдун алкагында калктын эң аярлуу топторунун бири – майыптыгы бар адамдарды, анын ичинде балдарды колдоо максатында кызматташуу кеңейтилет жана жакшыртылат деп терең ишенем”,-деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар