Эмгек министри БУУнун агенттиктери менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү талкуулады

Бүгүн, 27-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров БУУнун Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү агенттиктери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага Министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери, БУУнун Кыргызстандагы түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Бул жолугушуу 2030-жылга чейин ведомствого тиешелүү милдеттер боюнча Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу үчүн уюштурулган. Биринчи кезекте жакырчылыкты жоюу, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчиликке жетишүү, майыптыгы бар адамдардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндө болууда.
Министр Равшанбек Сабиров өз сөзүндө 2025 – жылы ведомство өз ишинин негизги багыттарын-иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу, майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, миграция жана качкындарды колдоо, адам сатууга каршы күрөшүү, ошондой эле жаштарды, улгайган жарандарды колдоо жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү багыттарын ишке ашырууну улантарын белгиледи.
“Маанилүү артыкчылыктардын бири-жумуш орундарынын санын көбөйтүүдөн эмгектин сапатына өтүү, бул туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору. Жакынкы мезгилдеги эң маанилүү милдет татыктуу ишти камсыз кылуу болуп саналат, ал туруктуу өнүгүү максаттарынын ичинен №8 “татыктуу иш жана экономикалык өсүш” максатына туура келет”, — деп баса белгиледи министр.
Социалдык контракттарды түзүү аркылуу ишкерликти өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси жакырчылыкты жоюуга багытталган.
“Социалдык контракт өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү, үстүбүздөгү жылы контракттын суммасын көбөйтүү пландаштырылууда . Мындан тышкары, биз жарандарыбызды миграцияга чейинки даярдоого киришип жатабыз, иммиграцияга чейинки борборду ачуу пландаштырылууда”, – деди Равшанбек Сабиров.
Министр ведомтсвонун алдында 550 социалдык кызматкерди балдарга жана майыптарга кам көрүүгө үйрөтүү милдети турганын баса белгиледи. Равшанбек Сабиров министрликти иштин ар бир багыты боюнча изилдөө жана аналитикалык материалдар менен камсыз кылууга багытталган эмгек илимий-изилдөө институтун түзүүнү да маанилүү деп атады.
Антье Граве өз кезегинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин колдоо туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун маанилүү аспектиси экенин белгилеп, тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди
“Биз Туруктуу өнүгүүнүн жалпы максаттарына жетүү жана Кыргызстандын жарандары үчүн татыктуу жашоону камсыз кылуу үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен иштешүүгө кубанычтабыз. Биз социалдык коргоо, эмгек шарттарын жана миграциялык процесстерди жакшыртуу жаатындагы биргелешкен ишибизди улантабыз”, —деди ал

Пайдалуу
Ссылкалар