Кыргызстандагы жаштардын эмгек рыногун изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары сунушталды
26-февраль күнү Дүйнөлүк банктын “Социалдык жардамды жана эмгек рыногунун программаларын бекемдөө” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жаштарынын эмгек рыногун изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарынын презентациясы болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-түзүмдөрдүн, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жолугушууну Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев ачып, экономикалык өзгөрүүлөр жана жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөр шартында жаштар жумушка орношуу көйгөйүнө туш болуп жатканын белгиледи. “”Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча өлкөдөгү жумушсуздардын 56% дан ашыгын жаштар түзөт”,-деди министрдин орун басары.
Мухтарбек Баймурзаев жаштарды жумушка орноштуруу маселесин чечүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду. “Ушуга байланыштуу министрлик кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жаштардын стажировкалары боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. 1-февралга карата 659 стажер окуудан өтүп, алардын 128и жумуш тапты,”-деди ал.
“Эрфолг Консалт” ЖЧК консалтингдик компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн алкагында эмгек рыногу талданган жана иш берүүчүлөрдүн талаптарына жаштардын квалификациясынын шайкеш эместиги, практикалык тажрыйбанын жоктугу жана кесиптик көндүмдөрдүн деңгээлинин төмөндүгү сыяктуу негизги көйгөйлөр аныкталган.
Ошондой эле IT, тигүү өндүрүшү, айыл чарба, курулуш, туризм, билим берүү жана башкалар сыяктуу жумушка орношуу үчүн артыкчылыктуу тармактар белгиленди. Изилдөө көрсөткөндөй, жаш адистер жумушка орношууда көп кыйынчылыктарга туш болушат, бул кадрлардын ири шаарларга жана чет өлкөлөргө кетишине шарт түзөт.
Презентация мүмкүн болгон чечимдерди талкуулоо, анын ичинде стажировка программаларын киргизүү жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык келүү үчүн билим берүү стандарттарын жакшыртуу менен аяктады.




2025-02-27