Москвадан Кыргызстанга үч бала кайтарылды,- Эмгек министрлиги
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган үч баланы мекенине кайтарууну уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Балдарды кайтаруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашырылган.
Мындан ары Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү иштерин жүргүзөт жана алардын абалын ар тараптан баалайт. Бул процесс социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоону камтыйт.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери кароосуз калган 178 бала мекенине кайтарылган. Анын ичинде:
2022-жылы-8 бала,
2023-жылы-12 бала,
2024-жылы-21 бала.
Балдарды кайра алып келүү жана аларды коомго интеграциялоо боюнча иштер уланууда.
Работа по возвращению детей и их дальнейшей интеграции в общество продолжается.

2025-02-28