55 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөйт
Кыргызстанда 55 миң 494 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер менен төлөшөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Белгилей кетсек, 2022-жылдан тарта президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына жеңилдетилген тариф түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүүдө.
Маалыматка ылайык, айына 700 кВт/саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50 тыйынды түзгөн. Ал эми Кыргызстанда 2024-жылдын май айынан тарта электр энергиясына тарифтер көтөрүлгөнүнө байланыштуу бул үй-бүлөлөр 55,4 тыйындан төлөй башташты.
2025-жылдын 1-февралына карата «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 58,4 үй-бүлөнү түзөт. Электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер түрүндө даректүү социалдык колдоо «үй бүлөгө көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпул алган 55494 аз камсыз болгон үй-бүлөгө көрсөтүлдү, бул 94,9%ды түзөт.
Ал эми аз камсыз болгон калган үй-бүлөлөрдүн жеңилдетилген тарифтерди албай жатышынын негизги себеби — ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеке эсептердин жоктугу, ошондой эле электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр ( электр зымдары жок курулуштарда, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө) болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктары тарабынан үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

2025-03-10