Мухтарбек Баймурзаев: “Социалдык контракт” долбоору 3 жылда 35 миң 226 үй-бүлөнү камтыды

“Кабар” маалымат агенттиги эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев менен “Социалдык контракт” долбоору жана анын жыйынтыктары тууралуу чакан маек курду.
– Мухтарбек Арапбаевич “Социалдык контракт” долбоорунун иштеп жатканына 3 жыл болду. Жыйынтыктарын кандай баалайт элеңиз?
– Ооба бат эле убакыт өтүп, ийгиликтүү ишке ашып жаткан долбоорлорубуздун бирине үч жыл убакыт болуптур.
Президенттин демилгеси менен 2022-жылдан тартып мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыты болгон жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу үчүн жигердүү кадамдарды жасоого, турмуш-шартын жакшыртууга, ошондой эле алардын өз алдынча иш менен камсыз болушу үчүн шарттарды түзүү максатында социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатат.
Үч жылдын аралыгында аталган долбоордун алкагында республикалык бюджеттен жана Дүйнөлүк банк тарабынан 35 миңден ашуун үй-бүлөгө берилди.
– Социалдык контрактар кайсы тармактарга көп берилди?
– Келишим “Социалдык контракт”, долбоорунун жобосуна ылайык, 3 жылга түзүлөт. Үч жылдын ичинде социалдык контракт 35 миң 226 үй-бүлөнү камтып, алардын бизнес-программалары төмөнкү багыттарда ишке ашырылган:
73,3% – айыл чарба;
13,8% – өндүрүш;
6,7% – соода-сатык;
6,2% – кызмат көрсөтүү тармактарында.
“Социалдык контракт” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 94,2%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түздү. Анын негизинде 43 миңге жакын кошумча жумуш орундары түзүлүп, республика боюнча 190 миңден ашык адамдын жашоо-шарты жакшырууда.
– “Социалдык контракт” долбоору натыйжалуу болду деп айтууга негиз болгон экен да, же убагында ишке ашыра албай калган учурлар да кездештиби?
– Албетте, мониторингдин жыйынтыгы менен үч жылдын ичинде 138 үй-бүлө ар кандай себептерден улам социалдык контрактты ишке ашыра алышкан жок. Башкача айтканда, ар кандай форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында активдер жоголгон, социалдык контракттан өз ыктыяры менен баш тартып, каражатты кайтарып беришкен.
– Социалдык контракт боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгы кандай болду?
– 2024-жылдын жыйынтыгында 22 миң 426 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. Бул 97,5 пайызга барабар.
– Сиз айткан мына ушул 22 миң 426 үй-бүлө социалдык контрактын негизинде кандай багытта иштешти?
– Бул боюнча биз такай анализ жасап турабыз. Ал мындай:
-16 696 долбоор, же 74,4% – айыл чарба тармагында, булар мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, балчылык, күнөскана, канаттуулар чарбасы.
– 2 807 долбоор, же 12,5% – өндүрүш тармагындагыларга берилди, анын ичинде тигүүчүлүк, темир-бетон жыгач эмерек буюмдарын жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, кичи тегирмен, биологиялык жер семирткичтер, тамак-аш тармагы боюнча- навайкана, кондитердик, жемиштерди кургатуу цехтерине берилди.
– 1361 долбоор, же 6,1% – кызмат көрсөтүү тармагында, анын ичинде коомдук тамактануу жана такси кызматтары, курулуш, монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, курулуш шаймандарын ижарага берүү, сулуулук салондорун иштеткендер алышты. Ошондой эле, автодиагностикалык борборлор, унаа оңдоо, унаа жуучу, вулканизация, мончо, массаж, бала бакча, авиакасса иштетүү үчүн алгандар болду.
– 1562 долбоор, же 7,0% – соода-сатык тармагында, азык-түлүк дүкөндөрү, майда соода кийим, кеңсе товарларын сатуу, онлайн сатуу боюнча алышкандар.
Ал эми 574 квотаны (2,5%) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн каалоосу жок болгондугуна байланыштуу аткаруу мүмкүн болгон жок. Айталык, Сузак району боюнча 522 квота, Ош шаары боюнча 33 квота жана Таш-Көмүр шаары 19 квота аткарылбай калды.
– Келишим түзүп, каражат алгандардын басымдуусу аялдар болсо керек?..
– Чындыгында айымдар дайым активдүү болот эмеспи. Бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 20 миң 904үн (92,6%) негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түздү. Алар 23 миңден ашык кошумча жумуш орундарын түзүп, республика боюнча 93 миңден ашык адамдын жашоо шарты жакшырууда.
– Бул жылы да социалдык контракты ишке ашыра албай калгандар болдубу?
– Мониторингдин жыйынтыгы менен 22 миң 426 үй-бүлөдөн 11 үй-бүлө ар кандай себептерден улам социалдык контрактты ишке ашыра алышкан жок. Бул эми анча көп эмес, 0,05% түзөт. Албетте, форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында активдер жоголгон, социалдык контракттан өз ыктыяры менен баш тартып, каражатты кайтарып беришкен .
– Маегиңиз үчүн рахмат, ийгилик каалайбыз.
Возможно, это изображение 1 человек и текст
Пайдалуу
Ссылкалар