Эмгек министрлиги бир жылда мигранттарга 43 миллион рублдан ашык төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, өткөн жылы министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү 623 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берген.
«Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 43 453 400 рублди түздү. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери 47 сот отурумга катышып, Москва шаарында иштеп жаткан 119 жарандын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүштү», – деди ал.
Анын айтымында, бир жыл ичинде Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча 11 256 жаранга кеңеш берилген.
«Мындан тышкары, өкүлчүлүктүн көмөгү менен 3 миң 931 Кыргыз Республикасынын жараны милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин алышты, ата-энесинин камкордугусуз калган же турмуштук оор кырдаалга кабылган 97 жашы жете элек балдар менен иш жүргүзүлүп, айрымдары мекенине жөнөтүлүп, айрымдары каралып жатат», – деди ал.
чВозможно, это изображение 1 человек и текст
Пайдалуу
Ссылкалар