Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты
Бүгүн, 15-мартта, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери ведомстволук бөлүмдөрү жана райондук башкармалыктары менен биргеликте жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышышты.
Жаштар паркы экологиялык акция өткөрүлүүчү жай болуп калды. Парк Жибек-Жолу проспектиси менен Махатма Ганди көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар аймакты таштандылардан тазалашты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бардык жарандарды айлана-чөйрөгө кам көрүп, өлкөбүздүн тазалыгына жана бакубаттуулугуна салым кошууга чакырат.





2025-03-15