Бишкекте майыптуулугу бар жарандарды ишке орноштуруу маселелерине арналган тегерек стол өттү
Бүгүн, 18-март күнү, Бишкекте майыптуулугу бар жарандарды ишке орноштуруу маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле иш берүүчүлөр катышты. Бул иш-чара жарандардын бул категориясын ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди жана аларды чечүү жолдорун талкуулоодо маанилүү кадам болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өзүнүн сөзүндө алгач физикалык жактан чектелген адамдарды жумушка ала баштаган Генри Форд айткандай, “эң жакшы кайрымдуулук — майыптарды ишке орноштуруу”деп белгиледи.
“Майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты үчүн артыкчылыктуу болуп саналат. 2024-жылдын декабрь айында жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышы менен майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарына квота берүү механизми бир топ жакшырган. Азыр кызматкерлеринин саны 25тен ашкан уюмдар майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарынын кеминде 4% камсыз кылууга милдеттүү.
Бул талап жарым-жартылай жумуш орундарын камсыз кылган ишканаларга да тиешелүү. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө Мыйзам жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзам сыяктуу бир катар мыйзам актылары майыптарды социалдык реабилитациялоону жана эмгек интеграциясын колдойт”, — деп белгиледи Дастан Бекешов.
Дастан Бекешев 2024-жылдын 1-июлунан баштап өзгөртүүлөр киргизилгенин, биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн “киреше салыгы” салык мыйзамдарына 10% дан 5% га чейин төмөндөтүлгөнүн, ошондой эле үчүнчү топтогу майыптар үчүн салыктын ченеми төмөндөгөнүн белгиледи.
Мындан тышкары, мобилдик байланыш, банк иши жана интернет-провайдерлер сыяктуу секторлорду эске албаганда, социалдык фонддорго которуулар 3,25% га чейин төмөндөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу жаатында министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
“Акыркы беш жылда Эмгек министрлигине 4 миңден ашуун майыптуулугу бар адам кайрылган, алардын 2665и жумушсуз деп табылган. Бирок иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларынын натыйжасында 1 303 адам ишке орноштурулган, эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча 1686 адам курстан өткөн, 1441 адам коомдук акы төлөнүүчү жумуштарда убактылуу иштешкен. “Социалдык контракт” программасынын алкагында үч жылдын ичинде 35,0 миң адамдын ичинен 2797 майыптыгы бар адам чакан бизнес долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырышты. Ошондой эле жаштар стажировкасын пилоттоо алкагында жиберилген 865 адамдан 12 майыптыгы бар адам катышууда, алардын ичинен төртөө ийгиликтүү ишке орношкон. Стажировка учурунда жаштар 8600 сом өлчөмүндө стипендия алышат”, – деп билдирди министрдин орун басары.
Ал ошондой эле Министрлик Эмгек рыногунун маалыматтык системасы жана zanyatost.kg порталы киргизилгенин, бул жумушка орношуу процессин кыйла жеңилдетет жана майыптардын жумуш жөнүндө маалыматка жана жумуш берүүчүлөргө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин белгиледи.
Тегерек столдун жыйынтыгын чыгаруу менен катышуучулар Кыргызстанда инклюзивдик ишке орноштурууну мындан ары өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүшкөнүн билдиришти. Мамлекеттик органдар менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда бардык жарандар үчүн физикалык чектөөлөрүнө карабастан бирдей шарттарды түзүү үчүн активдүү кызматташууну улантуу зарыл экендиги баса белгиленди. Келечекте биргелешкен аракеттер эмгек рыногунда майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртууга мүмкүндүк бериши маанилүү.




