Эмгек министрлигинде кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн , 19-мартта Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек, социалдык коргоо жана миграция жаатындагы мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты, ошондой эле бул чөйрөдөгү эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана мүмкүн болуучу багыттары тууралуу пикир алмашышты.
“Алдыдагы үч мамлекет башчынын саммитинин алкагында жарандарыбызды ишке орноштуруу боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилегим келет”, – деди министр.
Министр Равшанбек Сабиров социалдык камсыздоо жаатында байланыштарды жана кызматташтыкты чыңдоого даярдыгын билдирип, тажрыйба алмашуунун жана мыкты тажрыйбаларды жайылтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Саидикрам Ниязходжаев эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу, ошондой эле каттоосу болгон учурда жүрүү узактыгы тууралуу сөз кылды.
Эмгек министрлигинин жетекчиси өз кезегинде миграция маселелеринде тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле башка маанилүү тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи. Жолугушуунун соңунда эки тарап жемиштүү диалогду улантууга жана эки өлкө ортосундагы достук байланыштарды мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Пайдалуу
Ссылкалар