Эмгек министри “Келечек” реабилитациялык борборуна барды
Бүгүн, 20-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров республикалык “Келечек”реабилитациялык борборуна барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
“Үстүбүздөгү жылдын башынан бери бул борбордо өлкөнүн бардык аймактарынан 200гө жакын майыптуулугу бар балдар ар кандай реабилитациялык кызматтарды ала алышты. Алардын баары республикалык бюджеттин эсебинен дарыланышты. Бул борбор КР Президенти С.Н.Жапаровдун инклюзивдик саясатынын бир бөлүгү болуп саналат, аны биздин министрлик ишке ашырып жатат”, – деди Эмгек министрлигинин жетекчиси.
Өз сөзүндө министр борбордун кызматкерлерин, ата-энелерди жана майыптуулугу бар балдарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосуна кошкон баа жеткис салымы үчүн «Келечекте» иштегендердин бардыгына ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, Нооруз майрамына карата борбордо ар кандай сынактар жана оюндар уюштурулду.
«Келечек» реабилитациялык борборуна төмөнкү оорулар менен жабыркаган балдар кабыл алынат:
1. балдардын шал жабыркаган балдар.
2. Тубаса кемтиги бар балдар.
3. Таяныч-кыймыл аппаратынан жабыркаган балдар
4. Кохлеардык имплантаттар менен угуусу начар балдар
5. Даун Синдрому
6. Аутизм
7. Психикалык сүйлөө өнүгүүсүнүн кечеңдеши.





2025-03-20