Р. А. Сабиров: “Үй-бүлө-коомдун баалуулуктарынын алып жүрүүчүсү”
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда үй-бүлө кодексинин жаңы долбоорун талкуулоону уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Ведомствонун башчысы Равшанбек Сабировдун айтымында, 2024-жылдын 20-21-декабрында Бишкек шаарында өткөн Элдик курултайда Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаров үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча чараларды иштеп чыгууну тапшырды.
“Үй — бүлөлүк мыйзамдарды жакшыртуу-учурдун эң маанилүү талабы. Мектеп дагы, коом дагы балага ата-эненин сүйүүсүн жана тарбиясын алмаштыра албайт. Бүгүнкү күндө үй-бүлө институту-бул салттуу үй-бүлөлүк тажрыйбанын жана баалуулуктардын ээси, биздин коомдун негизи ” – деп белгиледи ал.
Негизги өзгөртүүлөр салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого, үй-бүлөнү мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоого жана “үй-бүлөнүн милдеттери” жана “салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктар” сыяктуу жаңы түшүнүктөрдү киргизүүгө, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүгө, кароосуз калган балдар үчүн үй-бүлөлүк чөйрөнү камсыз кылууга багытталган.
“Үй-бүлөлүк мыйзамдарды өркүндөтүү зарылчылыгы 2021-2026-жылдарга инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбия Концепциясын ишке ашыруу менен шартталган. Концепцияга ылайык, үй-бүлө адамдын руханий – адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат”, – деди Равшанбек Сабиров.
Талкуунун жүрүшүндө жаңы үй-бүлө кодекси нике курагын 18 жаш деп белгилеп, мамлекеттик каттоосуз бир жыныстагы адамдардын ортосундагы никеге турууга жана диний никеге турууга тыюу салып, мыйзам бузууларга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул киргизгени белгиленди. Ошондой эле алименттик милдеттенмелер жөнүндө жоболорго тактоолор киргизилген.
Улууларды урматтоо, бекем үй-бүлөлүк байланыштар, балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү, үрп-адаттарды жана каада-салттарды сактоо – булар Кыргыз Республикасынын өнүгүү тарыхында өзүнүн маанилүүлүгүн далилдеген баалуулуктар. Баалуулуктар кризисинин шартында ата-эненин камкордугу жана мээрими биздин коом үчүн негизги таяныч жана үмүт бойдон калууда”, – деп жыйынтыктады Равшанбек Сабиров.





2025-03-20