Эмгек министрлиги: Аныкталган балдардын 57% ына оор кырдаалдан чыгууга жардам берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл ичинде турмуштук оор кырдаалда турган 6,1 миңден ашуун баланы аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Аныкталган балдардын ичинен 3 482 бала турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча жардам алышты: балдар үй-бүлөлөргө жайгаштырылды, документтештирилди, мектепке кайтарылды, социалдык жардам алышты.
Калгандарына карата иш улантылууда. Министрликтен такташкандай, турмуштук оор кырдаалда турган ар бир аныкталган балага баланы коргоо боюнча жекече план иштелип жатат, анын негизинде оор турмуштук кырдаалды жеңүүгө багытталган балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча тиешелүү кызматтар көрсөтүлүүдө.
Ошондой эле 2024-жылы турмуштук оор кырдаалда турган 1177 үй-бүлө аныкталган. Алардын ичинен 47% ишке орношууга, окууга жөнөтүүгө, документтештирүүгө жардам алышкан.
Мында региондук мамлекеттик органдар: ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, калкты иш менен камсыз кылуу, каттоо органдары өз компетенциясынын чегинде турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөөдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
Возможно, это изображение 1 человек, ребенок, учится и текст
Пайдалуу
Ссылкалар