Айтматов райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде улук жана  кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: Иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн адиси-1 орун

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажына талаптарды койбостон;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  4. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы;

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

-билгичтиги:

Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

Мамлекеттик жана/же расмий тилдерге иштиктүү кат алышуу;

Командада иштөө:

-көндүмдөрү:

Ченемдик укутук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), жеке идентификациялык номери (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы,  Чолпонбай көчөсү №4, Тел. 03456 2-67-62

Пайдалуу
Ссылкалар