Эмгек министрлиги 600дөн ашуун ишкерди Эмгек кодексинин жаңы ченемдерине үйрөттү
25-26-март күндөрү, Жалал-Абад жана Ош облустары-ЖИА Бизнес Ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш менен биргеликте уюштурган “Бизнести агартуу кербени” маалыматтык кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн түштүк облустарында чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуулардын жана семинарлардын сериясын өткөрдү.
Өнөктүктүн максаты 2025-жылы күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышына байланыштуу эмгек мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү болду. Иш-чараларга өлкөнүн түштүк региондорунда иштеген 600гө жакын ишкерлер, чакан жана орто ишканалардын ээлери катышты.
2025-жылдын 25-мартында Жалал — Абад облусунда 400гө жакын ишкер, ал эми 2025-жылдын 26-мартында Ош облусунда 200 ишкер катышкан семинар болуп өттү.
Эмгек чөйрөсүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын начальниги Жазгүл Калмырзаева семинарлардын катышуучуларына жаңы Эмгек кодексинин негизги жоболорун, анын ичинде эмгек келишимдерин түзүүнүн жаңы эрежелерин, жумуш берүүчүлөрдүн майыптыгы бар адамдар жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча милдеттенмелерин кеңири түшүндүрүп берди. Ал ошондой эле эмгекти коргоо шарттарын жакшыртууга жана эмгектин ийкемдүү формаларында жумушчулардын укуктарына көңүл бурду.
Эмгек укуктарынын бузулушу жана эмгек коопсуздугун камсыз кылуу жана жумушчуларды дискриминациядан коргоо боюнча маалымдуулукту жогорулатуу да маанилүү маселе болуп калды.
Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк аймагы боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башкы инспектору Элгиз Зуридинов катышуучуларга эмгек мыйзамдарынын жаңы нормаларынын сакталышын көзөмөлдөөнүн тартиби, ошондой эле мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы үчүн колдонула турган айыптар жана жаза чаралары тууралуу айтып берди.
Маалыматтык кампания өз ишин 2025-жылдын 27-мартында Баткен облусунда улантып, ишкерлер үчүн кезектеги семинарды өткөрүү пландалууда.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Бизнести агартуу кербени» маалыматтык кампаниясынын алкагында аймактардагы ишкерлерди эмгек мыйзамдарына киргизилген нормалар боюнча маалыматтык колдоо жана окутуу боюнча ишин улантат.





2025-03-27