Орозо айт жекшемби күнү, 30-мартта белгиленет Майрамдарды которуу болбойт
Кыргызстанда Орозо айт жекшемби күнү, 30-мартта белгиленет.Бул тууралуу КР Мусулмандарынын Дин башкармалыгы эскертти.
Рамазан айы 29-30 күнгө созулуп, быйыл орозо 29-мартта (кошкондо) аяктайт. Ага ылайык Орозо айт 30-март жекшембиге туура келет.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын январь айынын аягында кабыл алынган жаңы Эмгек кодексине ылайык, дем алыш күндөрүнө туура келген майрамдар иш күндөрүнө которуу болбойт.

2025-03-27