Эмгек министри Равшанбек Сабиров жарандарды жеке кабыл алды

28-март күнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров бекитилген графиктин алкагында жарандарды жеке кабыл алды. Жолугушууга ар кандай маселелер боюнча жардам сурап кайрылган 13 адам катышты.
Жарандар министрге кайрылган негизги суроолор ишке орношууга көмөктөшүү, турак жай көйгөйлөрүн чечүү, жеке ассистенттин кызматын алуу, аутизм менен ооруган балдардын маселеси жана башка маселелер болду.
Бардык кайрылгандарга мыйзам чегинде зарыл жардам жана колдоо көрсөтүлөт.
Пайдалуу
Ссылкалар