Эмгек министрлиги балдарды зомбулуктан коргоонун комплекстүү ыкмасын талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдардын укугун коргоо боюнча тегерек стол өттү.
Тегерек столдун ишине балдарды коргоо саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты
Министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, Кыргызстанда 2,6 миллиондон ашык бала жашайт.
“Өткөн жылы министрликтин аймактык түзүмдөрү тарабынан 6150 бала оор турмуштук абалда экени аныкталган. Ар бир бала боюнча жеке коргонуу планы түзүлүп, балдардын жарымынан көбүнө кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам беришти. Калгандары боюнча иш улантылууда. Мында балдарды коргоо бардык мамлекеттик органдардын катышуусу менен комплекстүү ишке ашырылууга тийиш”, – деди ал.
Тегерек столдун жүрүшүндө 2024-жылы өлкөдө ар кандай зомбулукка кабылган 700дөн ашуун бала аныкталганы айтылды.
Пайдалуу
Ссылкалар