Ормушев Калнур Келдибекович “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин директору болуп дайындалды

“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Ормушев Калнур Келдибекович Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин директору болуп дайындалды. Дайындоо тууралуу тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев кол койду.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров ведомствонун борбордук аппаратынын кызматкерлерине жаңы жетекчини расмий тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө министр Калнур Келдибековичти кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын бай кесиптик тажрыйбасын жана Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи. Ага чың ден-соолук, бакубатчылык жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.
Пайдалуу
Ссылкалар