Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү эмгек мигранттарына 85 миллион сомдон ашык акча алууга жардам берди

Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү эмгек мигранттарына үч жылдын ичинде 85 миллион рублдан ашык төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, бул аралыкта 3 258 кыргызстандык кайрылган. 2022 – жылы төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2,1 миллион рублди түзсө, ушул жылдын биринчи айларында эле-7,8 миллион.
Ведомстводон белгилешкендей, өткөн жылы эмгек мигранттарына 43,4 млн сом жардам берилген.
Мындан тышкары, өкүлчүлүктүн кызматкерлери өндүрүштө ден соолукка келтирилген зыян үчүн жумуш берүүчүлөрдөн 9,3 миллион рубль өндүрүп алууга жардам беришти.
24,2 миң кыргызстандык эмгек жана миграция мыйзамдары боюнча консультацияларды алышты, 4,1 миң жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга жардам беришти.
Пайдалуу
Ссылкалар