Эмгек министрлиги социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыялар аркылуу колдоо көрсөтүүнү улантат
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдан тартып социалдык контракттын алкагында Программанын катышуучуларына “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк”аркылуу пайызсыз насыялар берилип жатат.
“Программанын максаты-катышуучуларга социалдык контракттын каражаттары менен уюштурулган бизнести же чарбаны кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү. Катышуучулар үч жылдык мөөнөткө 200 000 сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат. Мамлекет социалдык контракттын катышуучуларына колдоо катары банктарга субсидиянын 4 пайызын төлөп берет”, – деди Равшанбек Сабиров.
Эмгек министрлигинин жетекчиси 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бизнести өнүктүрүү үчүн 105 катышуучу пайызсыз насыяларды ийгиликтүү алышканын тактады.
“2025-жылы 200 000 сомго чейин пайызсыз насыя алуу үчүн социалдык контракттын катышуучусу банкка ишкердик менен алектенгендигин тастыктаган документти берүүсү зарыл. 2025-жылы аталган долбоордун алкагында социалдык контракттын дагы 1000 катышуучусу мындай насыяларды ала алат деп пландалууда”, – деди ал
кредиты», – сказал он


2025-04-01