Эмгек министрлиги: Жаңы Эмгек кодекси эмгек акыны кечиктирүүдө үстөктүн бирдиктүү пайызын жана доонун эскирүү мөөнөтүн аныктайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы Эмгек кодексин киргизген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.
Ведомстводон билдиришкендей, туумдун бирдиктүү пайызы белгиленген. Эми, эгерде иш берүүчү эмгек акыны, өргүү боюнча жөлөкпулдарды, бошотуу жөлөкпулдарын же башка төлөмдөрдү кечиктирсе, анда ал ар бир мөөнөтү өтүп кеткен календардык күн үчүн иш жүзүндө төлөнбөгөн сумманын 0,25 пайызын кошумча төлөөгө милдеттүү.
Доонун эскирүү мөөнөтү да аныкталган. Эгерде иш берүүчү айлык маянасын өз убагында төлөбөсө, кызматкер 3 жыл ичинде сотко кайрылып, акча талап кылууга укуктуу. Эсептөө эмгек акы төлөнө турган күндөн башталат.
Возможно, это изображение больница и текст «-G АМСЫЗДОО ЭМГЕК, -Glly СОцИАЛДЫК ОЦиЛИКАСЫНЫН БЛИКАСЫНЫН БЛИК АСЫНЫН ЖАНА МИНИСТРЛИГИ МИГРАЦИЯ CRRASRENC 美 МИНИСТЕРСТВО ТРУДА МИГРАЦИИ СОЦИАЛЬНОГО ОБЕСПЕЧЕНИЯ КЫРГыЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ»
Пайдалуу
Ссылкалар