Эмгек министри Кара-Суу районундагы реабилитациялык борборду ачуу үчүн каралып жаткан имаратты көрүп чыкты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Ош облусунун Кара-Суу районундагы реабилитациялык борборду ачуу үчүн каралып жаткан имаратты көрүп чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында жайгашкан 64-лицей пандемия учурунда ооруканага айландырылып, бейтаптарды кабыл алуу жайы катары колдонулган. 2022-жылдан бери бул имарат бош турат.
Министр Равшанбек Сабиров, Ош облусундагы өкүлчүлүктүн орун басары Илияз Ташбаев жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канат Табалдиев бош калган имаратты көрүп чыгып, жергиликтүү абал менен таанышты.
«Калктын өтүнүчү боюнча бул үч кабаттуу имарат майыптуулугу бар жарандар үчүн региондор аралык реабилитациялык борбор катары кайра багытталышы мүмкүн», – деп белгиледи министр.
Ошондой эле, министр Равшанбек Сабиров Кара-Суу районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына барып, мекеменин жамааты менен жолугушуп, эмгек шарттары менен таанышты.
Жолугушууда министр Равшанбек Сабиров социалдык камсыздоо тутумундагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал социалдык жардам көрсөтүүнүн даректүүлүгүн жогорулатуу жана бардык деңгээлде көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
«Биздин негизги максат — ар бир жардам чындап муктаж адамдарга жетүүсүн камсыз кылуу. Коррупциянын бардык көрүнүштөрүн жоюп, иштин ачык-айкындыгын жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек», — деди министр.





2025-04-05