Эмгек министри жана ЭЭУнун өкүлдөрү татыктуу эмгектин принциптерин талкуулашты

Бүгүн, 8-апрель күнү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЭЭУнун бюросунун өкүлдөрү Сергиус Гловацкас жана Александр Гоча менен жолугушту.
Жолугушууда ЭЭУна өлкөнүн Эмгек чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык айтылды. Министр белгилегендей, ведомство өз ишинде татыктуу эмгек принциптерин ишке ашырууга, мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана мамлекет, иш берүүчүлөр жана профсоюздар ортосундагы үч тараптуу диалогду бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурат.
Жолугушууда белгиленгендей, 2025-жылдын башында социалдык өнөктөштөрдүн катышуусу менен иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодекси кабыл алынган.
Тараптар эл аралык стандарттарды эске алуу менен эмгек мыйзамдарынын ченемдерин жакшыртуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана ЭЭУ эмгекчилердин укуктарын коргоодо жана социалдык коргоо деңгээлин жогорулатууда мындан аркы кызматташууга даяр экендигин тастыкташты.
Пайдалуу
Ссылкалар