“Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу туруусу үчүн негизги талаптар жөнүндө”

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Россиянын аймагында мыйзамдуу туруу үчүн негизги талаптар жөнүндө эскертет, ага ылайык кыргызстандыктар өз убагында төмөнкү милдеттүү процедураларды аткарышы керек:
– убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграциялык органда миграциялык каттоого турууга;
– медициналык күбөлөндүрүүдөн, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүү;
-эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди түзүү (эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында келген жарандар үчүн);
-эмгек же жарандык-укуктук келишимдин (миграциялык картадан миграциялык органдардан белги алуу жолу менен) жана убактылуу жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоонун негизинде убактылуу болуу мөөнөтүн узартууга.
Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык, 2025-жылдын 5-февралынан тартып жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерди бузуу менен Россияда жүргөн жарандар “контролдонуучу адамдардын реестрине” киргизилет (реестрдин маалымат базасы туруктуу негизде жаңыланып турат), аларга карата бир катар чектөө чаралары колдонулат.
Аталган Реестрге түшүп калбоо үчүн же андан чыгаруу үчүн министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын 2025-жылдын 30-апрелине чейин бардык документтерин тартипке келтирүүгө Россия Федерациясында мыйзамдуу туруу боюнча бардык маселелерди жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн колдонууга чакырат.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, учурда Реестрде сиз жөнүндө маалымат жок экендигине көңүл бурабыз, Россиянын ИИМинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө же Россиянын ИИМинин паспорттук-визалык борборуна, ошондой эле Москва шаарындагы Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго (Сахарово ММЦ) кайрылуу зарыл.
Пайдалуу
Ссылкалар