Москвадагы мончодогу кыргызстандыктарды кармоо боюнча Эмгек министрлиги: 24 кишинин 20 сы бошотулуп, төртөө Россиядан чыгарылат

 

Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгү Москвада кармалган кыргызстандыктардын укугун коргоого кошулду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мекеменин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КРнын Элчилиги менен биргеликте бул кырдаалды дароо көзөмөлгө алып, Түндүк административдик аймак боюнча ички иштер башкармалыгына кайрылышкан.

Учурда кармалган 24 жарандын 20 св бошотулуп, 4 жаранга Россия Федерациясынан чыгаруу тууралуу токтом чыгарылган.
Эмгек министрлиги өкүлчүлүктүн кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында эле Москвадагы полиция бөлүмдөрүнө жана убактылуу кармоо борборлоруна 135 жарандын кызыкчылыгын коргоп 116дан ашык чыгуу болгонун, ошондой эле 9 соттук процесске катышканын билдирет

Пайдалуу
Ссылкалар