Эмгек министрлиги: “Афганчыларга” жана “чернобылчаларга” каралган төлөмдөр 2025-жылдын 1-январынан тарта жогорулатуусун эске алуу менен эсептелинип берилет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “афганчыларга” жана “чернобыльчыларга” төлөмдөрүн кайра эсептеп чыгат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыккан, анда Афганистан аймагында согуш аракеттеринин катышуучуларына жана Чернобылдагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкан жарандарга жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмүн жогорулатуу каралган.
Бүгүнкү күндө, долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламентинин алкагында тиешелүү жылдыруу процедураларынан өтүп жатат.
Ченемдик укуктук акты кабыл алынган учурда, Афганистан аймагында согуш аракеттеринин катышуучулары жана Чернобылдагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкан жарандарга жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү, жогорулатууну эске алуу менен 2025-жылдын 1-январынан тартып кайра эсептелип берилет.
2025-04-14














