Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги МСЭКтин бардык имараттарында видеобайкоо камералары жайгаштырылгандыгын маалымдайт

Лейлек районунда майыптыкты аныктоо үчүн акча каражатын алуу окуясы көчмө жыйындын жүрүшүндө болгон. Учурда ведомство пара талап кылуу фактылары боюнча тергөө органдарына көмөк көрсөтүп, коррупцияга каршы чараларды күчөтүүдө.
Белгиленгендей, министрлик видеоконференцияларды өткөрүп, анда МСЭКтин бардык кызматкерлерине коррупцияны жоюу жана тобокелдиктерди алдын алуу боюнча эскертүүлөр берилет.
Министрлик Медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын мыйзамсыз жана коррупциялык аракеттерге жол берген кызматкерлерине тиешелүү органдар менен биргеликте катуу чаралар көрүлөрүн баса белгилейт.
Пайдалуу
Ссылкалар