Эмгек министри Равшанбек Сабиров Япониядагы туристтик компаниялардын бири менен кызматташуу меморандумуна кол койду
Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А.Сабиров Япониянын көп жылдардан бери иштеп келе жаткан туристтик компанияларынын бири — Nippon Travel Agency жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул документ эки тараптуу өнөктөштүктү институтташтырууга жана туризм, билим берүү жана эмгектик мобилдүүлүк тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.
Министр Сабиров кыргызстандыктардын жогорку кадрдык потенциалын жана жаштардын эл аралык билим алууга жана иштөөгө болгон кызыгуусун белгилеп, Япониянын беделдүү мекемелери менен түз байланыш түзүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Тараптар туризм, мейманкана бизнеси жана кардарларды тейлөө тармактарында стажировка жана кадрларды даярдоо программаларын ишке киргизүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Япон тарап япон тилин билген кыргыз жарандарына артыкчылык берип, аларды өзүнүн өнөктөш компаниялары аркылуу ишке орноштурууга даяр экендигин ырастады. Ошондой эле япон жарандарынын Кыргыз Республикасына болгон туристтик кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, бул эки тараптуу туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.
Nippon Travel Agency компаниясы Министрлик менен түз кызматташууга даяр экенин билдирип, бул багыт эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык жана социалдык байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи.



2025-04-15