Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлиги Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарын күч колдонуп кармоо окуясын ар тараптуу иликтөөнү колдойт
2025-жылдын 10-апрелинен 11-апрелине караган түнү Москва шаарындагы “Бодрость” мончо комплексинде Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттарын массалык түрдө кармоо жана күч колдонуу белгилери менен коштолгон окуяга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул окуяны кылдат иликтөө зарылдыгын белгилейт.
Эске салсак, жаңжал Москвадагы оператив кызматкерлердин кыргызстандыктарды сабап, телефон камерасына тартып алган фрагменти жарыяланып, социалдык тармактарга тарагандан кийин башталган.
Орусиянын Ички иштер министрлиги Москвадагы “Бодрость” мончо комплексинде резонанстуу рейд учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптоолорго жооп берди. Орусия тарап 10-апрелдеги операция маалында кармалган кыргызстандыктарга күч колдонулган деген айыптоолорду четке какты.
Ошол эле учурда, жабыркагандардын айтымында, рейд жүргүзгөн полиция кызматкерлеринен тышкары, маска тагынган жана колунда таяк көтөргөн, коомдук тартипти сактоочу ыктыярдуу кошуундардын белгилери бар адамдар да байкалган. Бул маалыматты окуя болгон жерге барган Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери да тастыкташты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Москвадагы мончодо рейд учурунда 59 Кыргыз Республикасынын жараны болуп, анын ичинен 24ү кармалган. Учурда КР эки жараны убактылуу кармоочу жайда. Белгилүү процедуралардан кийин кармалгандар депортацияланат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин тапшырмасы боюнча министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү жабыр тарткан мекендештерге ыкчам түрдө ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.
Акыркыларга сот ишин козгоо үчүн расмий арыз берүү мүмкүнчүлүгү сунушталды. Бирок жабырлануучулар, жеке көз караштарына таянып, өздөрүнүн атынан арыз жазуудан баш тарткандыгын билдиришкен. Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү жабыркагандар менен дайыма байланышта болуп, алардын позициясы өзгөрсө, бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин билдирет.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында, министрликтин өкүлчүлүгү тарабынан Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасына, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине, Москва шаарынын прокуратурасына, Россия Федерациясындагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу органына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ыйгарым укуктуу органдарына тийиштуу чараларды көрүү боюнча расмий кайрылуулардын тизмеси жөнөтүлгөн .
Кыргыз Республикасынын жарандары Н.М. жана А.С. боюнча тергөө иштерине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү укуктук жардам көрсөтүп жатканын маалымдайт. Бул иш боюнча Москва шаарынын Түндүк административдик округу боюнча Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин башкармалыгы менен өз ара аракеттешүү жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдөгү жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону эске алуу менен кырдаалды көзөмөлдөөнү улантууда.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2025-жылдын январь айынан тартып, Россия Федерациясынын Президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №1126 «Россия Федерациясынан чыгарууга байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым категорияларынын укуктук макамын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» Жарлыгынын ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын эмгек министринин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Ушуга байланыштуу, Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүккө мекендештер менен ишти күчөтүү, 24 сааттык кабыл алуу жана жооп кайтаруу графигин уюштуруу милдети жүктөлгөн. Бул аркылуу Россия Федерациясынын аймагында жүргөн КР жарандарына ыкчам жана комплекстүү юридикалык, маалыматтык жардам көрсөтүлүүдө. Учурда бул тапшырма күнү-түнү, тынымсыз негизде аткарылууда.
Ошентсе да, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн эмгек ресурстарынын эркин жүрүү принциптеринин сакталышы боюнча маселе өзгөчө кооптонууну жаратууда. Бул маселе айрым учурда ультимативдүү мүнөзгө ээ болуп, кырдаалды конструктивдүү чечүүнү талап кылат.
Россия Федерациясынын өнөр жайы өнүккөн экономикалык райондоруна иштөө максатында келген мигранттардын легалдаштыруу маселесин чечүүдө, тилекке каршы, Евразия экономикалык интеграциясынын алкагында кабыл алынган жоболор ачык эле көз жаздымда калып жаткан учурлар дагы эле байкалууда.
2025-04-15














