Кыргыз Республикасы менен Япония эмгек миграциясы жаатындагы кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты
2025-жылдын 17-апрелинде Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Р.А. менен Япониянын Саламаттыкты сактоо, эмгек жана жыргалчылык министри Ники Хиробуми мырзанын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар белгилүү көндүмдөргө ээ чет элдик жумушчуларды тартуу программасынын (SSW) учурдагы ишке ашырылышын талкуулап, уюшкан эмгек миграциясынын туруктуу каналдарын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Кыргыз тарап Япониянын талаптарына ылайык эмгек ресурстарын сапаттуу тандоо жана даярдоого даяр экендигин билдирди.
Атайын көңүл медициналык тейлөө тармагындагы кыргыз адистеринин катышуусун кошкондо кызматташуунун багыттарын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө бурулду. Ошондой эле Кыргыз Республикасы SSW программасынын алкагында жаңы жумушка орноштуруу багыттарын ачуу маселесин кароону сунуш кылды.
Эки тарап тең эмгек миграциясынын этикалык, ачык-айкын жана туруктуу системасын түзүү ниеттерин билдиришип, бул системанын эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарын жана өз ара урматтоону эске алуу менен курулушу керектигин белгилешти.



2025-04-17














