Эмгек министрлиги менен КУУ иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында меморандумга кол коюшту
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо жана калктын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү жаатында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Документке Эмгек министри Равшанбек Сабиров жана КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев кол коюшкан. Максаты – кесиптик билим берүү тутумун өнүктүрүүдө күч-аракеттерди бириктирүү, адистерди сапаттуу даярдоону камсыз кылуу жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу шарттарын түзүү.
Тараптар биргелешкен билим берүү жана изилдөө программаларын ишке ашыруу, студенттик практикалар менен стажировкаларды уюштуруу, ошондой эле лекцияларды, семинарларды жана бош жумуш орундар жарманкелерин өткөрүү боюнча макулдашышты. Артыкчылыктуу багыттардын катарында инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана студенттерди аймактардагы иш менен камсыздоо программаларын көзөмөлдөөгө тартуу да белгиленген.
«Министрлик менен КУУнун кызматташуусу – мамлекет менен билим берүү тармагынын туруктуу өз ара аракеттенүү механизмин түзүүгө багытталган. Бул өлкө экономикасы үчүн квалификациялуу адистерди даярдоодо натыйжалуу курал болуп берет», – деди Равшанбек Сабиров.



2025-04-22














