Эмгек министри Глобалдык фонд менен репатрианттарды реинтеграциялоо жана реабилитациялоо боюнча чараларды талкуулады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Глобалдык фонддун өкүлү Ирина Ульмасова-Олив менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар согуш жүрүп жаткан аймактан мекенине кайтарылган аялдардын жана балдардын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалын талкуулашты.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен 2021-жылдын мартында Ирак Республикасынан “Мээрим” гуманитардык миссиясынын алкагында жашы жете электер мекенине кайтарылды. Ошондой эле мамлекет башчысынын тапшырмасы менен 2022-жылы Республика Сириядагы лагерлерде жүргөн жарандарыбызды кайтарып ала баштаган.
Жалпысынан Сириядан мекенине кайтаруунун 6 этабы жүргүзүлүп, 6-этап 2024-жылдын жайында ишке ашырылган. Жүргүзүлгөн медициналык, реабилитациялык, теологиялык жана педагогикалык иш-чаралардан кийин тууган үй – бүлөлөргө берилди”, – деди Равшанбек Сабиров.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын 544 жараны кайтарылды, алардын ичинен 396 жашы жете элек балдар.
Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн эл аралык тажрыйбасын жана ийгиликтүү тажрыйбаларын эске алуу менен кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча өлкөнүн 5 жылдык программасы бекитилген.
“Репатрианттар менен иштөөгө келсек, бул жерде да кластердик мамиленин бир катар иш-чаралары каралган. Мисалы, райондук деңгээлде кайтып келгендердин биологиялык үй-бүлөлөрүн талдоо жана издөө жүргүзүлгөн, алар бул үй-бүлөлөрдү кабыл алып, аларга колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр болушкан. Буга социалдык кызматтар, мекемелер жана коомчулук менен биргеликте жаңы чөйрөдө кайтып келгендерге жагымдуу шарттарды түзүү кирди”, – деп белгиледи министр.




2025-04-23














