Эмгек министри жарандарды жеке кабыл алды
Бүгүн, 25-апрель күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров коомдук кабылдамада 14 жаранды жеке кабыл алды.
Кабыл алуу учурунда жарандар министрге АРДИнин имарат маселеси, жумушка орношуу, майыптуулук, социалдык контракт, II-топтогу майып жолдошунун пенсиясы боюнча, Санатордук-курорттук жолдомо ж.б суроолор боюнча кайрыла алышты.
Ар бир кайрылуу каралып, жарандарга кеңири түшүндүрмөлөр жана сунуштар берилди. Бир катар маселелер боюнча министр тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды.
2025-04-25