“Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында Жайыл стационардык мекемесинде дарактарды отургузуу өттү
Бүгүн, Жайылдагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл Мурас” Улуттук кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова, Чүй университетинин тарбия иштери боюнча проректору Темирлан Акматов , аталган мекеменин директору Айзада Асанова жана университеттин студенттери менен биргеликте бош турган жер аянтына алма, алмурут, гиляз, кара орук, шабдалы, некторин сорттору, мөмө көчөттөрү отургузулду.
Бак-дарактарды отургузуу мекеменин экологиялык чөйрөсүн жашылдандырууга жана жакшыртууга кошкон салымы, ошондой эле социалдык жоопкерчиликтин жана калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүүнүн үлгүсү болду.





2025-04-26