Май айы үчүн социалдык жөлөкпулдар 14-15-майда карталарга түшөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт: 2025-жылдын май айына карата бардык социалдык төлөмдөр жана жөлөкпулдар алуучулардын банктык карталарына 14-15-май күндөрү которулат.
1-майдан 11-майга чейин созулган май айындагы майрам күндөрүнө байланыштуу төлөмдөрдү которуу убактылуу токтотулган. Бирок, 13-май күнү министрлик керектүү каражаттарды райондук башкармалыктардын эсептерине которду. Учурда райондук башкармалыктар жарандардын эсептерине каражаттарды которуу иштерин жүргүзүүдө.
Министрлик жарандардан кыска мөөнөттүү кечигүүгө түшүнүү менен мамиле кылууларын өтүнөт жана бардык каражаттар жакынкы күндөрү толук көлөмдө түшөөрүн билдирет.
Кошумча маалымат алуу үчүн жарандар жашаган жериндеги райондук башкармалыктарга кайрыла алышат.
Пайдалуу
Ссылкалар