2025-жылдын 1-майына карата 308 миңден ашык кыргызстандык жаран мамлекеттик жөлөкпул алышат

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-майына карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 308,4 миң адамды түздү. Анын ичинен 196,4 миң балдар “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун, ал эми 112,0 миң адам ай сайынкы социалдык жөлөкпул  алышууда.

Республика боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү төмөндөгүнү түздү:

  • “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу –1 411,3 сом,
  • Ай сайынкы социалдык жөлөкпулу – 6 306,3 сом.

«Жөлөкпулдарды төлөө мамлекеттин социалдык милдеттенмелерине ылайык жүргүзүлүп, калктын эң муктаж катмарына колдоо көрсөтүү максатында багытталган», – деп билдиришти Министрликтен.

Пайдалуу
Ссылкалар