КРнын Эмгек кодексинде ысыкта жумуш убактысын чектөө тууралуу норма жок — Эмгек министрлиги
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексине ылайык, ысык аба ырайында иш убактысына атайын чектөө каралбагандыгын билдирет.
Ошол эле учурда, Министрлик эмгек мыйзамдарына ылайык, иш берүүчү коопсуз жана ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү экенин эскертет. Бул эмгекти коргоо талаптарын сактоону жана өзгөчө жогорку температура шарттарында иштеген кызматкерлердин ден соолугун коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү камтыйт.
Эгерде эмгек укуктарынын бузулушу же кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган жагдайлар пайда болсо, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү жана колдонуудагы мыйзам чегинде чара көрүү үчүн эмгек инспекция органдарына кайрылуу сунушталат.
2025-05-15