Кыргызстан менен Россия квалификацияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты күчөтүп жатышат

2025-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары А.К. Солтонбекова Россия Федерациясынын Улуттук квалификацияларды өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү.
Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров тарабынан ушул жылдын башында Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында көтөрүлгөн демилгелердин уландысы болду.
А.К. Солтонбекова өз сөзүндө кесиптик стандарттарды жаңыртуу эмгек рыногунун туруктуу өнүгүшү үчүн маанилүү экенин баса белгилеп, квалификацияларды өз ара таанып билүүнүн жана өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашуунун зарылдыгына көңүл бурду. Анын айтымында, бул адистерди жумушка орноштуруу процессин жеңилдетип, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Улуттук квалификацияларды өнүктүрүү агенттигинин башкы директору А.Е. Шадрин эки өлкөнүн улуттук квалификациялык системаларынын санариптик кызматтарын өнүктүрүүнү жана мүмкүн болгон интеграциясын сунуштады. Айрыкча кызматкерлер менен иш берүүчүлөргө квалификациялык системанын куралдарын колдонууга байланыштуу маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүүчү «бирдиктүү терезе» сыяктуу кардарга багытталган чечимдерди түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандумду даярдоого жана жетишилген макулдашууларды, ошондой эле жаңы демилгелерди ишке ашыруу боюнча деталдаштырылган планды иштеп чыгууга макулдашышты.
Пайдалуу
Ссылкалар