Ак-Суу жана Түп районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 саан уй торпогу менен берилди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары А.К. Солтонбекова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 баш музоолуу саан уйларды тапшыруу боюнча иш-чарага катышты. Бул демилге «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коому тарабынан колдоого алынып ишке ашырылды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабировдун атынан муктаж жарандарды колдоого багытталган социалдык долбоорлорду туруктуу түрдө ишке ашырып келгени үчүн ЗАО «Кумтор Голд Компани» компаниясына ыраазычылык билдирилди.
Саан уй жана музоолор түрүндө берилген кайтарымсыз жардамды жалпы 200 аяр үй-бүлө алды. Алардын ичинен 85 үй-бүлө мамлекеттик жөлөкпул алат: Түп районунда — 61 үй-бүлө, Ак-Суу районунда — 24 үй-бүлө.
ЗАО «Кумтор Голд Компани» тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык долбоорлор социалдык контракт механизми аркылуу мамлекеттик колдоо менен айкалышып, жакырчылык менен күрөшүүдө жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууда мамлекеттик жана жеке секторлордун натыйжалуу кызматташуусунун үлгүсү болуп кызмат кылууда.



















