Эмгек министрлиги аркылуу пенсия алууга укугу жок 90 Баатыр энелер ай сайын 3000 сом өлчөмүндө социалдык жөлөкпул алышат
“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык министрлик пенсия менен камсыз болууга укугу жок баатыр энелерге 55 жашка толгондо ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул дайындоону жана төлөөнү жүзөгө ашырат
Бүгүнкү күндө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3 000 сомду түзөт.
2025-жылдын 1-май айына карата ай сайын социалдык жөлөкпул алган баатыр энелердин саны 90 адамды түздү.
Маалымат үчүн, пенсия курагына жеткенде ( 58 жашка чыкканда) пенсиялык камсыздандырууга укуктуу баатыр энелер пенсиясын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу алышат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу пенсия алып жаткан баатыр энелердин саны 31 764 түзөт.
2025-05-19














