Эмгек министрлиги тарабынан жыл башынан бери эмгек рыногундагы активдүү чаралар 11,4 миңден ашуун жаранды камтыды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын май айынын башына карата өлкөдө 12 411 бош жумуш орду катталган. Бул учурда эң көп талап кылынган кесиптер жумушчу адистиктерге тиешелүү. Бирок 8 844 бош орун жумушчулар тарабынан талап кылынбай, бул өз учурунда бир жумуш ордуна орто эсеп менен сегиз талапкер болгондугун билдирет.
Отчеттук мезгилде Министрликтин аймактык башкармалыктарына жумушка орноштуруу жана ар кандай тиешелүү суроолор менен 52 159 жаран кайрылган. Анын ичинен 37 245 адам эмгек мыйзамдары, кыска мөөнөттүү кесиптик окуулар жана кесип тандоо боюнча болгон.
2025-жылдын 1-майына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү алкагында 5 335 жумушсуз адам ишке орноштурулган.
Кошумчалай кетсек, активдүү чараларынын бири болгон акы төлөнүүчү коомдук иштерге 3 332 адам жиберилип, алар жер-жерлерде айыл аймактарынын айланачөрөсүн жана арыктарды тазалоо, бала-бакчаларды, мектептерди оңдоп түзөө, жайыттарды тозуу иштери ж.б ушул сыяктуу иштерди аткарышат.
Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, эмгек рыногунун белгилүү бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алуу менен кесиптик окутууга 2 817 адам жиберилген.
Талап кылынган кесиптердин тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
• компьютер оператору,
• соода агенттери,
• ашпозчу,
• косметолог,
• чачтарач,
• маникюр ,
• массажист,
• визажист,
• котормочу,
• 1С программасын билген бухгалтер,
• тигүүчү,
• айдоочу,
• электргазсварщик,
• слесарь-сантехник,
• балчы.
Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жана келечектеги кесипти туура тандоо боюнча жигердүү чара болгон кесиптик багыт берүү иштери ар дайым жүргүзүлөт. Кесиптик багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Өзгөн шаарында жана Чүй облусунун Сокулук районунда иштеп жатат. Отчеттук мезгилде 27 892 жаранга (орто мектептердин жана окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө) кесиптик багыт берүү боюнча консультациялар берилген.
Министрлик мындай чаралар жумушсуз адамдарга кесип тандоодо түшүнүктүү чечим кабыл алууга жардам берип, өлкөдөгү жумушсуздук деңгээлин төмөндөтүүгө салым кошо турганын белгилейт.
Пайдалуу
Ссылкалар