Кыргызстанда майыптуулугу бар жарандардын жеке ассистенттерине 527 млн сомдон ашык акча төлөндү

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө 14 805 жеке ассистент иштейт. Жалпы сумма 527 246 336 сомду түздү (камсыздандыруу жана банк чыгымдарын эске алуу менен).

Жалпысынан өлкөдө туруктуу жардамга муктаж 15 125 майыптуулугу бар адамдар катталган, алардын 9 546сы 18 жашка чейинки балдар жана 5 579у бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар чоңдор.

Салыштыруу үчүн, 2024-жылдын ушул мезгилинде 14 411 ассистент жалпы суммасы 421 898 878 сомго төлөмдөрдү алышкан. Ошондо муктаж болгондордун саны 14 712 адамды түзгөн (анын ичинде 9 551 – балдар, 5 161 – чоңдор).

Пайдалуу
Ссылкалар