Кыргызстан менен Түркиянын министрлери үй-бүлөлөрдү жана аярлуу топторду колдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду макулдашты

 

2025-жылдын 22-майында Стамбул шаарында өтүп жаткан Эл аралык үй-бүлө форумунда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Түркиянын Үй-бүлө иштери боюнча министри Махинур Өздемир Гёкташ  менен жолугушту. Талкуунун негизги темасы кайрымдуулук, социалдык саясат жана өзгөчө колдоого муктаж болгондорго жардам көрсөтүү жаатында тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү болду.

Талкуунун борборунда Диянет фонду, сүйүү жана бир туугандык фонду сыяктуу ири түрк кайрымдуулук фонддорунун иши, алардын аз камсыз болгон, көп балалуу жана улгайган адамдарга жардам берүүдөгү ролу болду. Кыргызстан мамлекет менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы координациянын ийгиликтүү моделдерин изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Чыр — чатак аймактарынан кайтып келгендерди реабилитациялоодо Түркиянын тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду-аялдар жана балдар үчүн шелтерлерди түзүү гуманитардык жардамдын ачык мисалы болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар мындан аркы долбоорлорду координациялоо үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү, ошондой эле идеяларды алмашуу жана демилгелерди макулдашуу үчүн үзгүлтүксүз онлайн-жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты.

Министр Сабиров диалогдун конструктивдүү экендигин белгилеп, түрк кесиптештерине ачыктыгы жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Буга жооп кылып министр Гекташ Кыргызстанга социалдык саясатты өнүктүрүүдө практикалык жардам көрсөтүүгө болгон көз карашын ырастады.

Эмгек министрлиги КР Стамбулдагы Башкы консулдугунун салымын белгиледи — жолугушууну уюштурууга вице-консул Ильяз Шаныев жана котормочу Ильяз Исмаилов жардам беришти. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Анкарадагы элчилиги даярдыкка максималдуу колдоо көрсөтүштү.

Возможно, это изображение ‎2 человека, отдел новостей и ‎текст «‎2011 VILI AILS ن Uluslararası Ai' #Ailemiz 1011 PAMILY RAS rumu cegimiz Mayıs 2025 IBUL International Family Forum #O milyOurFuture 22-23 ISTA 6 山海接 海県 لت_الت ভজ افحاك‎»‎‎
Пайдалуу
Ссылкалар