КР Эмгек министри: Кыргызстан мигранттардын укуктарынын сакталышына эки тараптуу көзөмөлдү күчөтүүгө даяр

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров профсоюздардын жалпы конфедерациясынын башкы катчысы, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Виктор Пинский менен жолугушту.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эмгек укуктарын коргоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери талкууланды.
Министр белгилегендей, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодекси күчүнө кирген. Документ социалдык өнөктөштөрдүн активдүү катышуусу менен даярдалган жана эл аралык стандарттарды жана мамлекет, иш берүүчүлөр жана кызматкерлер ортосундагы кызыкчылыктардын балансын сактоого багытталган.
“Кыргыз Республикасы Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларында бекитилген татыктуу эмгектин принциптерин ишке ашырууга чоң маани берет”, — деп баса белгиледи Сабиров.
Социалдык диалог маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Өлкөдө социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча үч тараптуу республикалык комиссия активдүү иштеп жатат. Жакын арада өкмөт, профсоюздар жана жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин ортосунда 2025-2027-жылдарга карата жаңы башкы келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.
“Биз профсоюздардын потенциалы мындан ары да өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эмгекчилердин укуктарын коргоого багытталат деп ишенебиз”, — деп белгиледи министр.
Эмгек миграциясына өзгөчө басым жасалды. Кыргызстан мигранттардын иштөө шарттарын көзөмөлдөө жана маалымат алмашуу боюнча эки тараптуу механизмдерди түзүүгө даяр экенин билдирди.
“Кыргызстан менен Орусия стратегиялык өнөктөштөр. Биз Россия Федерациясында иштеп жаткан жарандарыбыздын кызыкчылыктарын коргоого кызыкдарбыз жана мыйзамсыз иштен бошотуу, төлөмдөрдү кечиктирүү, компенсациясыз ашыкча иштөө сыяктуу мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө чакырабыз”, – деп баса белгиледи Сабиров.
Ал кошумчалагандай, мигранттардын акча которуулары өлкө экономикасына олуттуу салым кошконуна карабастан, Кыргызстан миграциялык көз карандылыкты азайтуу үчүн өлкө ичинде жумуш орундарын түзүүгө аракет кылууда.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
развитии совместных инициатив в рамках Евразийского экономического союза.
Пайдалуу
Ссылкалар