Равшанбек Сабиров Бишкекте балдарды коргоо күнүнө карата 1600 баланы куттуктады
28-май күнү, Бишкекте Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен КР Агартуу министрлигинин өнөктөштүгү тарабынан уюштурулган ” Улуу мурас – баланын жүрөгүндө аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү.
Борбордук иш-чара Айткулун Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде республиканын Чүй обулусунан 1600 бала катышкан иш-чара болду. Алардын арасында балдар үйлөрүнүн, социалдык мекемелердин кызмат алуучулары, олимпиаданын катышуучулары жана башка таланттуу балдар, анын ичинде Эмгек министрлигинин багыты боюнча жиберилген өзгөчө билимге муктаж жана турмуштук оор кырдаалда турган 800 бала бар.
Иш-чарада балдарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова куттукташты.
“Кыргызстандын келечеги мына ушул жаркын жана боорукер көздөрдө. Биз силерге ишенебиз жана ар бир бала камкордук, урмат-сый жана колдоо сезүүсү үчүн бардыгын жасайбыз. Балалыгыңар жарык, коопсуз жана бакытка толсун. Ал эми улуттук баалуулуктар жана маданият сиздер үчүн жашоодо бекем багыт болот”, – деди министр Равшанбек Сабиров иш-чаранын жаш катышуучуларына кайрылып.
Цирктин артисттери балдар үчүн майрамдык программаны ар кандай оюн-зоок менен даярдашты: акробатикалык номерлер, кызыктуу клоун шоу жана башка жаркын спектаклдер. Артур жана Карина Богдасаровдор тарабынан даярдалган атайын үйрөтүлгөн жаныбарлардын катышуусундагы шоу өзгөчө таасир калтырды. Спектакль Кыргызстандын цирк артисттеринин жана Цветной бульварындагы Москванын Никулин атындагы циркинин артисттеринин биргелешкен күч-аракети менен уюштурулган.
Иш-чаранын соңунда балдарга балмуздактар тартууланды.





2025-05-28














