Кыргызстан менен Беларусь эмгек жана социалдык коргоо тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты

2025-жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.К. Солтонбекова Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен видеоконференция форматында жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап белорус кесиптештерине социалдык коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга даяр экендигин ырастады.
Кыргыз Республикасы ар бир жарандын укугу жана анын корголушуна болгон ишеничи кепилденген, социалдык багытталган мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү кадамдар менен илгерилеп бара жатат. Өзгөчө көңүл XXI кылымдын талаптарына жооп берген көндүмдөргө ээ атаандаштыкка жөндөмдүү жумушчу күчтү даярдоого, ошондой эле глобалдык дүйнөнүн тез өзгөрүп жаткан шарттарына ылайыкташууга бурулууда.
Маанилүү багыттардын бири — Улуттук квалификациялык системаны өнүктүрүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул багытта Концепция, Улуттук квалификациялар алкагы жана кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу методологиясы сыяктуу негизги документтер кабыл алынган. Учурда 78 кесиптик стандарт бекитилген. Глобалдык экономикалык жана технологиялык өзгөрүүлөр шартында алардын актуалдаштырылышы пландалууда. Эмгек акыны жөнгө салуу жана нормалоо жаатында тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен тажрыйба алмашуу — эки тараптуу кызматташуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин өкүлдөрү улуттук квалификациялык системаны өнүктүрүү, эмгек акыны төлөө жана эмгек стандарттары тууралуу кеңири айтып беришти.
Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча тажрыйба жана маалымат алмашууну улантууга кызыктар экендигин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында, 2008-жылы түзүлгөн Өз ара кызматташтык жөнүндө Меморандумду жаңыртып, кайра кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.
Пайдалуу
Ссылкалар